• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Чүй облусунда 5 жашар наристе менен апасын машина коюп кетип каза болушту

8 Үчтүн айы 2018 17:50 Бишкек Govori.TV

08.01.18. Govori.TV

Чүй облусундагы Аламүдүн районунда  беш жашар кичинекей кыз менен 45 жаштагы апасын машина коюп кетип, экөө тең окуя болгон жерде каза болгон.  Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8 январь күнү саат 7: 40 чамасында Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Алматы көчөсү менен түндүк тарапты көздөй баратып «Чекиш-Ата» базарынын жанынан эки адамды коюп кеткен.

Наристе жол кырсыгы болгон жерден каза тапса, апасы  ооруканадан эсине келбей көз жумган.

Айдоочу кармалып, учурда сурак берип жатат.

Количество просмотров: 9