Чүй облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан таксисттин жансыз денеси бүгун табылды. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алардын айтымында, Ысык-Ата РИИБине 6-август күнү аталган райондун тургуну кайрылып, 1951-жылы туулган жолдошу дайынсыз болуп жатканын айткан. Анын негизинде ыкчам аракеттер көрүлүп, издөө иштери башталган. Издөө иштеринин натыйжасында 6-август күнү дайынсыз жоголгон жарандын унаасы Кант шаарынан табылган. Ал эми бүгүн эртең менен Кант шаарына жакын жерден изделип жаткан адамдын жансыз денеси табылган. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери башталды.