Кыргызстанда акыркы он күн ичинде үч ымыркай көчөгө ташталды. Алардын экөө Бишкектен, бирөө Жалал-Абад шаарынан табылды.
Арча-Бешик жаңы конушунда жаңы төрөлгөн ымыркайды милиция кызматкерлери Бишкектеги №2 төрөт үйүнө алып барышкан, балага жандандыруучу медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Кийинчерээк наристени төрөп таштоого шек санап, 20 жаштагы С. Ж. аттуу келин кармалды.
8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
20-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектердин жанынан жаңы төрөлгөн кыз табылды. Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жаткан Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 2005-ж.т. Т.Э. экендиги аныкталган.
Мындай кейиштүү окуялар талкуу жаратып, жоопкерчилик маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.