• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чагылгандын кесепетинен 158 мал өлдү

6 Баш оона 201816:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.

Жалал-Абад облусундагы Шылдырак жана Кыз-Көл жайлоосуна чагылган түшүп, 158 баш кой-эчки өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү саат 02:30 чамасында Токтогул районунун Үч-Терек айылына караштуу Шылдырак жайлоосуна чагылган түшкөн. Анын кесепетинен жайлоого чыккан жарандын короосундагы 41 баш кой-эчкиси өлгөн. Алардын 35и эчки жана 6 баш кой болгон. Окуя болгон жерге райондук ветеринардык кызматынан кызматкер барган. Өлгөн кой-эчкилердин тарпын жерге көмүшкөн.
Ал эми Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагындагы Чал жайлоосунда чагылгандын кесепетинен 117 баш кой өлгөн. Алардын тарпын дагы 5-август күнү жерге көмүлгөнүн ӨКМден кошумчалашты.

Количество просмотров: 18