Кудайбергендин аймагындагы үйгө чагылган түшкөн. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.
Бүгүн, 19-июнда Бишкекте аба ырайы кескин өзгөрдү. Кечинде жаан жаап, катуу шамал болуп, күн күркүрөдү.
Окуянын күбөлөрү тарткан видеодо көрүнүп тургандай, чагылган үйдү талкалап кеткен. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иштеп жатат.