• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Чайнатаун кереги жок». Асман шаарын куруу боюнча талаш-тартыш токтой элек

13 Үчтүн айы 2022 17:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Ысык-Көлдүн боюна «Асман” деген экологиялык шаар куруу тууралуу дымактуу план жарыяланды. Бирок айрым адистер көлдүн экологиясы кандай болот, андан көрө бар шаарларды оңдоо керектигин айтып чыгышты.

Ал эми саясий серепчи Шаирбек Маматокторов анын ордуна Ысык-Көлдөгү маданий комплекстерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча бийликке сунуш берген.

«Көзгө басар туристтик жайыбыз Ысык-көл, анын ичинде негизги туристтик шаарыбыз Чопон-Ата. Так ошол Чолпон-Атанын борборунда жайгашкан байыркы жазуулар (петроглифтер) музейиндеги вандализм жана кайдыгерлик өкүндүрөт. Болгондо да, байыркы таштарга өз атын жазгандар да, мал-кой жайгандар да жалаң өзүбүздү жарандар экени анык да. Ушундай жерге кылган мамилебизден эле билинет, эмне үчүн бизде туризм өнүкпөй жатканы. Дагы Асман шаарын курабыз деп койгонуңар күйдүрөт. Чакан музейди тазараак кармап алалычы алгач»,-деди Шаирбек Мамтокторв.

Ысык-Көлдөгү Асман экологиялык таза шаарын куруу үчүн экспертиза дайындалышы шарт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Жергиликтүү элдин пикири өтө маанилүү, алардын уруксаты керек. Көлдүн элинин саны 540 миңге жакын. Асман шаарына 500 миң адам жашайт дешет. Долбоорун көрө элекпиз. Биринчи «эмне курулат, качан башталат, инфраструктура кандай болот, акча кайдан келет?» деген суроолорго так жооп берилиши керек. Баштап коюп токтоп калбайбы? Айтор, суроолор көп. Жооп алмайынча иш башталышына каршымын! Кылмышка шектелген жарандын жетекчи болушу да такыр эле болбогон нерсе. Улуттук деңгээлдеги долбоорлор жалпы элдик талкууга коюлуп, анан гана башталышы керек. Туура, так, ишке ашса — эң сонун иш-чара», — деп жазган Түлөбаев.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптаев экспертизанын корутундусу жок «Асман» шаарын баштоого укук жок экенин белгилеген.

«Ысык-Көл толугу менен, азыркы облустун чегинде, биосфералык аймак, ЮНЕСКОдон каттоодон өткөн, Көлдүн уникалдуу эко-системасын сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык коомчулук алдында милдеттери бар. Ошондуктан, табигатка таасир эте турган ар бир долбоор, анын ичинде «Асман» деген шаардын генералдык планы дагы, Эл аралык көз карандысыз экологиялык жана башка экспертизадан өтүшү зарыл. Экспертиза жок иш баштоого укугубуз жок. Генералдык план даяр болуп, экспертизадан өткөнчө четинен баштай берели деген чечим чыкса, анда касиеттүү Ысык-Көлгө карата кыянаттык болот»,-деп жазган Каптагаев.

Эске салсак, 2021-жылдын 21-октябрында Ысык-Көлдөгү Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин мурунку төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Жакында эле Ишкер Тимур Файзиев жаңы курула турган «Асман» шаарынын долбоорунун жетекчиси болуп дайындалганын өзү жарыялап, коомчулукта нааразы пикирлерди пайда кылган.

Файзиевдин «Асман» шаарын куруу 5-8-жылга пландалганын жана учурда ири инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.

Количество просмотров: 1572