Үстүбүздөгү жылдын 30-мартына караган түнү Бишкектеги балдар бакчасынын дубалы жана ашканасынын бир капталы урап түшкөн. Бала бакчанын жанында ProGroup ЖЧКсы көп кабаттуу үй куруп жаткан. Кырсык түн ичи болгондуктан эч ким жабыркаган эмес. Бирок «Илим-Билим Нур» менчик бала бакчасынын жетекчиси менен Темирязев көчөсүндө жашаган тургундар курулуш талаптары жана коопсуздук башынан эле эске алынбаганын айтышууда. Мындай жүйөлөргө аталган компания менен тийиштүү органдар эмне дейт? Кененирээк төмөндөгү материалда…