• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чартердик каттамдар менен келген кыргызстандыктардын ичинен 5 адамдан коронавирус аныкталган

4 Бугу 202011:22 Бишкек Govori.TV

17-апрелден тарта Кыргызстанга 5 чартердик каттам келди. Алар менен келген кыргызстандыктардын бешөөнөн COVID-19 коронавирустук инфекциясы аныкталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 17-апрелден тарта 5 чартердик каттам менен 1миң 117 кыргызстандык учуп келди.

“Каттамдар менен келген жүргүнчүлөрдүн бардыгы ПЧР-тесттен өткөн. Учуп келген 1 миң 117 жүргүнчүнүн ичинен 5 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Бул каттамдар Анкара-Бишкек, Новосибирск-Бишкек, Екатеринбург-Бишкек, Стамбул-Бишкек, Дубай-Бишкек”, — деп билдирди Акматова.

Количество просмотров: 135