• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чаткал районунда кар көчкү түштү

18 Үчтүн айы 20229:18 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-чакырымында жалпы көлөмү болжол менен 50 куб метр кар көчкү түшүп, жол каттам бир тараптуу жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 бульдозер тартылып, саат 18:09да жол толук тазаланган.

Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 143