Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына алты жаштагы бала түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бала байкеси менен отун алып жүргөн.
Учурда ӨКМ, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар болуп жалпы 42 киши издөө иштерине тартылды.