Ош-Бишкек жолундагы Чычкан суусуна аял киши агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ыдайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында Мраморный тилкесинде 1-август күнү болжол менен саат 18:00дөр чамасында 1960-жылы туулган В.Д. аттуу аял Чычкан суусуна агып кеткен.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзгөн, саат 21:20да кеч болуп калгандыгына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 2-август күнү саат 06:00дө издөө иштерине 10 куткаруучу, Жаңы-Жол айыл аймагынан 10 адам жана туугандарынан 20 адам, жалпы 50 адам тартылды.