• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ноокатта небереси менен сууга агып кеткен таятанын жансыз денеси табылды

18 Аяк оона 2020 10:47 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат районунда сууга агып кеткен 64 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү издөө иштеринде саат 16:00дө 1956-жылы туулган кишинин жансыз денеси суудан табылган. Аны менен кошо суу алып кеткен 4 жаштагы жээн небереси али табыла элек. Издөө иштери бүгүн дагы уанат.

Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 40-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адам болгон. Алардын бири 1974-жылы туулган жаран аман калып, жолдо бара жаткан унаа менен Ош облустук ооруканага жеткирилген. Ал эми 1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган бала сууга түшүп кеткен.

Количество просмотров: 90