• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Чаткалда дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери уланууда

19 Тогуздун айы 202410:17 Бишкек Govori.TV

Чаткал районунда дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 08:34тө издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Airbus H145 тик учагы куткаруучулар жана кар көчкү станциясынын кызматкерлери менен Кумбел тилкесинен кар көчкү түшкөн жерге учуп кетти.

Эскерте кетели, ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ак-Сай өрөөнүндө кар көчкүнүн астында калган жарандарды издөө иштерин жүргүзүп жатат. Аба ырайынын шарттарына байланыштуу кечээ издөө иштери убактылуу токтотулган.

Дайынсыз болгон 6 жарандан үчөөнүн сөөгү табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Калган 3 жаранды издөө иштери улантылууда.

Кошумча маалымат берилип турат.

Количество просмотров: 148