• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Чаткалда эки кар көчкү станциясы ишке кирди

13 Тогуздун айы 2023 9:34 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда “Чапчыма” кар көчкү жана “Чаткал” метеостанциясы ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Года Хидеки, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Александра Соловьева жана КР ӨКМге караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын директору Н. Мурзабеков баш болгон кызматкерлер катышты.

1930-жылдары курулуп, Советтер союзу тарагандан кийин ишин токтоткон “Чапчыма” жана “Чаткал” станцияларын иштетүү зарылчылыгы көптөн бери көйгөйлүү маселе болуп келген. Анткени Жалал-Абад облусунун Чаткал районун башка жерлер менен байланыштырган Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунда күндүн жылышы менен кар көчкү түшүү кооптуулугу дайыма жаралып турат. Андыктан аймактагы унаа каттамынын коопсуздугу үчүн, алдын ала кар көчкү түшүү коркунучун станциялардын жардамы менен аныктоо адам өмүрүн сактоодо, материалдык чыгымдарды азайтуудагы стратегиялык жол болуп саналат.

Станциялар аркылуу реалдуу убакыт режиминде так маалымат алып, калкты кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылууга шар түзүлөт. Мындан сырткары Кыргызстандагы табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча республикалык бирдиктүү маалыматтык системаны түзүүгө болот.

Кошумчалангандай, Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Кыргызстанда 3 кар көчкү станциясы ишке кирип, алардын жалпы суммасы 1,17 миллион АКШ долларын түздү. Алар Нарын облусундагы “Долон”, Жалал-Абад облусундагы “Чапчыма” жана “Чаткал” кар көчкү станциялары.

Количество просмотров: 102