• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чаткалда сел жүрүп, ички чарбалык жолдор жабылды

21 Кулжа 20189:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.  21. 06. 2018. Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл аймагында 2018-жылдын 20-июнь күнү саат 20:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жунус айылындагы жылгадан сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык унаа жолдун 4 метр жерин жууп кеткен, ошондой эле Жунус айылында 1 турак үйдүн сарайын сел каптаган. Мындан сырткары Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жолдун 8-10 метр аралыгын каптап, 1 көпүрөнүн капталын сел суулары агызып, жол каттамы жабылгандыгы айтылат.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык унаа жол тазаланып, бир тарапту ачылган.

Ал эми Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жол №17 жол тейлөө ишканасы тарабынан 21-июнь күнү калыбына келтирилет.

 

Количество просмотров: 116