• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Чаткалдын акими алмашты

26 Бугу 2020 12:47 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирген.

Аталган районду 2013-жылдан бери жетектеп келген Канжар Эшалиев өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен.

Анын ордуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Чаткал райондук администрация башчысы болуп Жуманалы Накетаев дайындалган. Ал буга чейин акимдин биринчи орун басары болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 174