• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чечен Республикасы Кыргызстанга гумжардам жөнөттү

3 Баш оона 20209:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга Чечен Республикасы 51 млн 41 миң рублга барабар болгон жүктү жардамга жөнөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт.

Орусиянын “Фармстандарт” ачык акционердик коому КР Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары: коргоочу комбинезондордон — 24 100 даана, үч кабаттуу беткаптан- 24 729 даана, полимердик материалдан жасалган көз айнектен — 5248 даана, бет калкандардан 10 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттарды берген.

Количество просмотров: 119