• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чечилбеген чек-ара маселеси

16 Тогуздун айы 2018 17:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.10.2018. Govori.TV
 Кыргыз мамлекеттик чек ара кызматы биргелешкен, өлкөнүн коопсуздугу үчүн атайын “Мекен чеги – 2018” деп аталган операция жүргүзүп, анын алкагында бир нече мыйзам бузууларды аныкташты.
Биргелешкен атайын чек ара операциясы үч этапта Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан аймактарында жүргүзүлдү.
Чек ара маселеси боюнча чатак, көбүнчө Тажикстан менен болот.   9 ай ичинде эле 10 чек ара чатагы катталды.
Алардын эң акыркысы сентябрь айында, Кыргызстандын Бакай айылы менен Тажикстандын Исфара районундагы Тожикон айылынын тургундарынын ортосунда чыкканы белгилүү болгон.
Чатакка тажик жарандарынын суу түтүктөрүн алып өтүү аракети себеп болгон. Такталбаган чек аранын айынан ал жерде чарбалык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынган. Бул маселени чечүүдө биздин өкмөт алсыздык кылып жатат.
Кыргызстандын коопсуздугу үчүн, чек ара кызматкерлери милдетин так аткарып, жыйынтык көрсөтүп жаткан менен иш жүзүндө чечилбеген маселелер дагы арбын экени белгилүү.
Өлкөдө канчалык жакшы көрсөткүчтү көрсөтпөсүн, аткарылбаган маселе да ошончо экени белгилүү.

Количество просмотров: 33