Чүй облусунда ФАОнун колдоосу менен чегирткеге каршы күрөшүү боюнча биопестициддерди сыноо аяктады. Бул тууралуу эл аралык уюм маалымдайт.
Маалыматта, Metarhizium acridum козу карынынын негизиндеги биопестициддер, адамдарга жана аарылар сыяктуу пайдалуу курт-кумурскаларга, ошондой эле канаттууларга жана башка жапайы жаныбарларга коркунуч келтирбестен, чегирткелерге гана таасир этет.
ФАО жана Япониянын “JICA” эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери биологиялык продуктуну комплекстүү сыноодон өткөрүшүп, анализ жана баалоо үчүн үлгүлөрдү чогултушту.
“Биологиялык күрөштүн ыкмалары өзгөчө эпидемиялардын алгачкы стадияларында жана алсыз экосистемаларда натыйжалуу”, – деп белгиледи ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев.
Департаменттин адистери ФАОнун санариптик инструменттерин, чегиртке эпидемиясынын келип чыгуу ыктымалдуулугуна мониторинг жүргүзүү жана алдын ала прогноздоо үчүн жигердүү колдонушат, бул контролдун натыйжалуулугун бир топ жакшыртат.
ФАО Кыргызстанга өсүмдүктөрдү коргоодо заманбап технологияларды жана жаратылышка болгон аяр мамилени айкалыштырган экологиялык ыкмаларын киргизүүдө колдоо көрсөтүүнү улантууда.