Америкалык ырчы Женнифер Лопестин Алматыдагы концертинде кызыктуу бир окуя болду. Сахнага күтүлбөгөн » VIP конок» келди, деп Tengri Life билдирет.
Интернетте жарыяланган кадрларда курт-кумурска артисттин көйнөгүн мойнунда жөрмөлөп баратканын көрүүгө болот. Лопес шек алдырбай ырдай берип, акырын чегирткени бир шилтем менен сахнага ыргытып жиберди.
«Ал мени кытыгылады» деди ырчы көрүүчүлөргө кайрылып жатып жылмайды.
Бул окуя эл аралык маалымат каражаттарында талкууга алынды.
Жада калса ырчынын командасынын мүчөлөрү да таң калганын моюнга алышты.
«Бардык жерде чегирткелер болгон! Мен нота учурунда эсимди жоготуп алмакмын. Жей Ло менин баатырым!», — деп жазган вокалист LaNesha Latimer Cuevas.
Башка кесиптештер мындай деп кошумчалашты: «ал мындай кырдаалда чемпион!» жана “эч ким чегирткени мынчалык сонун ыргыта элек».