• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Чегиртке каптаган 56 миң гектар жерге дары себилди

30 Кулжа 202611:07 Бишкек Govori.TV

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 29-июнга карата республика боюнча зыяндуу чегирткелерди аныктоо максатында 87 миң 832 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Анын ичинде:

  • Жалал-Абад облусунда – 41 миң 287 гектар;
  • Ош облусунда – 14 миң 750 гектар;
  • Баткен облусунда – 15 миң 500 гектар;
  • Чүй облусунда – 10 миң 695 гектар;
  • Талас облусунда – 3 миң 530 гектар;
  • Нарын облусунда – 2 миң 70 гектар.

Зыяндуу чегирткелерге каршы химиялык иштетүү иштери республика боюнча жалпы 55 миң 950 гектар аянтта жүргүзүлдү. Анын ичинде:

  • Жалал-Абад облусунда – 27 миң 730 гектар;
  • Баткен облусунда – 12 миң 540 гектар;
  • Ош облусунда – 9 миң 260 гектар;
  • Чүй облусунда – 3 миң 500 гектар;
  • Нарын облусунда – 1 миң 580 гектар;
  • Талас облусунда – 1 миң 340 гектар.
Количество просмотров: 16