• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө

22 Бугу 202517:00 Бишкек Govori.TV

Баткен облусу боюнча жалпы 16 миң гектардан ашык аянтта зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүу өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 20-майга карата изилдөө иштери жүргүзүлүп, 12 миң 750 га аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталды. Анын ичинен 5 миң га аянтта химиялык иш-чаралар аткарылды.

Мындай иштер химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Баткен облустук башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

«Бул чаралар чегирткелердин аймактын айыл чарбасына, экономикасына жана социалдык жашоосуна, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүүсүн алдын алуу болуп саналат. Химиялык иш чараларга 3 техника тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 240