• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Коронавируска каршы күрөш үчүн канча каражат бөлүнгөн?

30 Чын куран 2020 12:32 Бишкек Govori.TV

Анын ичинен 500 млн. сому саламаттык сактоого сарпталды. 215 млн. сом ӨКМге обсервацияларды колдоо, тамак-аш үчүн бөлүнүп берилген. Бул тууралуу премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев 30-апрелде, Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары бул каражаттан күч түзүмдөрүнө, транспорт жана мигранттарды алып келүү, аларды колдоо үчүн да атайын каражат бөлүнүп берилген.

Коронавируска каршы күрөш үчүн берилген акчадан 27 млн. сомдон ашуун акча облустарга, райондорго берилген.

Өкмөт башчы коронавирусту аныктоосу ПЦР тесттер да жетиштүү экенин белгиледи. Абылгазиевдин маалыматы боюнча, медициналык кызматкерлердин коргонуучу каражаттары да жетиштүү.

«Учурда 48 592 даана бир жолу кийилүүчү, 20 666 даана көп жолу кийилүүчү кийим запаста турат. Учурда 188 млн. сом ФОМС тарабынан коргонуучу каражаттар үчүн бөлүнүп берилген», — деди Абылгазиев. 

Количество просмотров: 79