• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чехия орусиялыктарга дагы бир жыл виза бербей турган болду

23 Жалган куран 202317:36 Бишкек Govori.TV

Чехия Орусия менен Беларустун жарандарына виза берүүгө киргизилген тыюунун мөөнөтүн бир жылга, 2024-жылдын март айына чейин узартты. Мындай чечимди чех өкмөтү 22-мартта кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) сунушу менен бул тыюу башка өлкөнүн жарандыгы бар орусиялыктар менен беларустарга да тиешелүү болот. Ошол эле маалда аларга виза гуманитардык себептерден улам берилиши мүмкүн.

Тыюу Европа биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын жакындарына жана ЕБ аймагында жашап турууга укук алган адамдарга тиешелүү болбойт.

Количество просмотров: 104