Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский 17-мартта европалык кесиптештери менен жолугушууда Дональд Трамптын администрациясы каржылоосун токтоткон «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ишин улантуу маселесин көтөрөт. Бул тууралуу DW басылмасы жазды.
«Мындай берүүлөрдү улантуу Европанын кызыкчылыгына жооп берет. Биздин кызыкчылыгыбызда биздин коңшубузда тоталитаризм гүлдөп кетпеши керек», — деди Липавский.
Анын айтымында, Евробиримдиктин башка өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен 17-марттагы жолугушууда “Азаттыктын” ишин улантуу маселесин көтөрмөкчү. Липавский белгилегендей, «Азаттык» радиосу Чехия жана Европа үчүн эмнени билдирерин саясий жактан ойлонуу керек.
Эскерте кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкө тышындагы аудиторияга телерадиоберүүлөрдү жүргүзгөн жүздөгөн америкалык медиа кызматкерлерин акы төлөнбөгөн өргүүгө жөнөткөн. Бул биринчи кезекте «Америка үнү» жана «Азаттык» радиосу сыяктуу маалымат каражаттарынын кызматкерлерине тийштүү болду.