• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Трамп 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салды

5 Кулжа 202514:08 Бишкек Govori.TV

АКШ президенти Дональд Трамп Афганистан, Бирма, Чад, Конго, Экваториалдык Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган жарлыкка кол койду.

Мындан тышкары, Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того, Түркмөнстан жана Венесуэла өлкөлөрүнө карата жарым-жартылай чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Трамп мындай чечимди улуттук коопсуздукка коркунуч катары негиздеди. Ак үйдүн маалыматына караганда, бул өлкөлөрдө визалардын мөөнөтүнөн ашырып жиберүү көрсөткүчү жогору жана АКШга келген бул жарандар тууралуу жетиштүү маалымат берилбейт.

Количество просмотров: 301