• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара аймактарында жарандарга курал берүү мыйзамы талкууга коюлду

20 Бугу 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты чек ара аймактарында жашаган жарандарды атайын даярдыктан өткөрүү менен курал колдонууга уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Аны депутаттар Абдывахап Нурбаев, Исхак Пирматов, Жанар Акаев, Мирлан Жеенчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова, Улугбек Садыков демилгелеген.

Маалым болгондой, мыйзам долбоордо чек ара аймагында жашаган жергиликтүү жарандардан, тактап айтканда, ошол жерди мыкты билген адамдардан атайын кошуун түзүү, аларды аскердик окуудан, машыгуулардан өткөрүү, зарыл болгон учурда курал колдонуусуна уруксат берүү маселелери сунушталган. Айта кетчү жагдай, курал-жарак же коргонуу каражаттарын берүүнү Министрлер кабинети аныктайт.

Мыйзам ишке кирсе, «чек арадагы ыйгарым укуктуу кошуундардын» макамы аскер кызматкерлеринин даражасында каралып, өмүрүнө, саламаттыгына кепилдикти мамлекет алат. Андан тышкары мындай кошуундарды өлкөнүн бардык аймактарында көбөйтүү маселеси да камтылган.

«Ыйгарым укуктуу чек арачыларды» түзүүдөгү башкы максат өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, жарандардын коопсуздугун коргоо, мүлкүн жана башка жашоого керектүү социалдык объектилерин сактоо үчүн чек арачыларга жардам берүү экени мыйзамдын түшүндүрмөсүндө белгиленди.

Мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин kenesh.kg сайтынан тааныша аласыз. Сунуш-пикирлерди 0(312) 62-75-72, 0(553) 31-34-33 номурлары, ошондой эле [email protected] электрондук дареги аркылуу берүүгө болот.

Количество просмотров: 125