• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чек ара: Баткен менен Согди облусунун башчылары жолугушту

3 Бештин айы 2021 15:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-декабрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен чек арадагы соңку учурда орун алган окуяларды талкуулашууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөр Лейлек районунун “Кулунду” чек ара постунда саат 11:00дө башталган. Ага эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары катышып жатат.

«Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр чатактарды алдын алуу жана болтурбоо маселеси каралды. Ошондой эле буга чейин чек ара аймагындагы соңку учурда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору сүйлөшүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы Дахма аймагында ок атылганын 1-декабарда билдирген. Расмий кабарга ылайык, 1-декабрда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Күч органдарына да кабар берилген. Тажикстандан расмий комментарий боло элек. УКМКнын алдындагы Чек ара кызматы Баткен облусунун Баткен районунун Дахма жерлигинде түн тынч өткөндүгүн билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү 1-декабрда Баткен облусунун Төрт-Көчө жерлигинде жолугуп, биргелешкен кайгуул уюштуруу чечимине келишкен.

Количество просмотров: 275