• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара: Баткенге жардам берүү үчүн ачылган эсепке 115 млн сом чогулду

16 Кулжа 2021 12:30 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна жардам берүү үчүн ачылган эсепке 115 млн сом келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин өкүлү билдирди.

Анын айтымында, чогулган акчаны кайда жумшоо керек экенин губернатор өзү чечет.

«Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда 136 үй өрттөнгөн. Түркия 100 үй, бир курулуш компания 20 үй, дагы башка курулуш компаниялары 16 үй куруп беришет. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 700 млн сом инфраструктураны оңдоого жумшалат», — деди Министрлер кабинетинин өкүлү.

Количество просмотров: 120