Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча кезектеги митинг өтүп жатат. Чогулгандар чек арадагы чырды тезирээк чечүүнү талап кылууда.
Ага 100дөн ашык киши чогулду. Митингчилер Өкмөт үйүнө барып, ага кирүүгө аракет кылышты. Бирок, митингчилердин дагы бир бөлүгү аларды токтотушту. Учурда Өкмөт үйүнүн кире беришинде тартип сакчылары турат.
Чогулгандар ЖМК өкүлдөрүн акцияны чагылдырууга уруксаат берген жок.