• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Чек ара: Бишкектеги митингчилерге аскер комиссариатына баруу сунушталды

1 Бугу 202117:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-майда Бишкекте Баткендеги чек ара чырына байланыштуу өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат. Эски аянтта жаңжалда курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.

Эски аянтка жүздөгөн киши чогулган. Алар Баткенге бара тургандарын айтып, бийликтен ал жакка жеткирүүнү талап кылышууда. Чогулгандар видеого тартууга тыюу салып жатышат.

Нааразычылык акциясына чогулгандарга ички иштер министри Улан Ниязбеков келди. Министр митингге чыккандарды сабырдуулукка үндөп, чогулгандарды аскер комиссариатына барууга чакырды.

«Баткенге бара турган жарандар шаардагы аскер комиссариаттарына барып катоодон өтүшөт. Аскердик күбөлүгү жоктор Октябрь райондук комиссариатка барып катталат»,-деди ал.

Аскер комиссариатына барууну каалагандар аз. Чогулгандарыдын көпчүлүгү эски аянтта калды.

Эске салсак, Баткенде 28-апрель күнү чыр чыккан. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, Кыргызстанда каза болгондордун саны 33кө жетти. Атышуудан 163 киши жабыркаган.Эки мамлекеттин президенттери бир эмес эки ирет телефон аркылуу сүйлөштү.

Количество просмотров: 881