• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

2 Бирдин айы 2022 11:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда ЖКнын жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасында кооптуулук жогорку чекке жеткенин айтып, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

«Эмне себептен 30 жылдан бери мындай чатактарга туш болуп жатабыз? Буга эмне себеп болууда? Оорунун себебин аныктагандай чыр-чатактардын эмнеден келип чыгып жатканын аныкташыбыз керек. Акыркы жаңжалдар жогорку деңгээлге чыгып кетти. Атайын кызматтардын атайын операциясына айланып кетип, ок атышуу менен аяктап жатат. Жаңжал чыкканда эле барып басып койгон жарабайт», — деди Айжигитов.

27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыгып 12 адам жаракат алган.

Количество просмотров: 105