• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек ара боюнча кезектеги жолугушуу Баткенде өттү

17 Аяк оона 202412:39 Бишкек Govori.TV

11-сентябрдан 17-сентябрга чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Количество просмотров: 107