• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чек ара боюнча жумушчу топ Дүйшөмбү шаарында жолугушту

11 Чын куран 202217:43 Бишкек Govori.TV

Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2022-жылдын 5-10-апрелинде Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү

Количество просмотров: 147