• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек ара чатагында дагы бир тажик жараны каза тапканы кабарланды

14 Жалган куран 2019 20:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govoro.TV

Кыргыз-тажик чек арасында Рафоуддин Тешаев аттуу дагы бир тажик жараны каза болгонун «Азаттыктын» тажик кызматы Ворух анклавынын ооруканасынын башкы дарыгери Карима Хакимованын сөзүнө таянып билдирди.

Башкы дарыгердин айтымында, ок Тешаевдин төшүнө тийип, ошол жерден мүрт кеткен. Бирок ал кимдин огунан каза тапканы азырынча белгисиз. «Азаттыктын» тажик кызматынын маалыматына караганда, 14-марттагы ок атышууда дагы эки тажикстандык жаракат алды.

Тажикстандын Чек ара башкармалыгы «Азаттыкка» 13-мартта 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу тажикстандык жаран октон мерт болгонун билдирген. Бейшембиде тажик тарап расмий билдирүү таратып, анда «Кыргызстан Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун өкмөт аралык протоколду бузуу менен куруп баштаганы» айтылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткендеги жаңжалда каза болгон тажикстандыктар тууралуу расмий маалымат келе электигин кабарлады. Расмий маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан 13-марттагы окуяда бир киши, 14-мартта дагы бир адам жаракат алып, ооруканада жатат. Бейшембидеги чатакта жараат алган адам милиция кызматкери экени аныкталды.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 15