• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чек-ара чечилбесе кайтып баруу кажет эмес…

20 Аяк оона 2022 17:31 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган жарандардын айрымдары Бишкекке алынып келинген. Жараат алган аскер кызматкерлеринин учурдагы абалы орто оор деп бааланууда. Алардан окуя тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, аскер кызматкердин жакынынан сурап көрдүк.

Аткылоо амалы чек ара тургундары үчүн кадыресе эле көрүнүшкө айланып калган. Ал күнү да куралдардан чыккан тарсылдаган үндү уккан бул жаран үй жумушу менен алектенип жүргөн кезде минометтун чачырандысы тийип, жараат алганын айтат.

Мындай маселе Баткенде улам кайталанып тургандыктан, жергиликтүү тургундар атышуунун үнүнө көнүп калганын айтышат. А бирок, бул жолу башкача болуп, мектептерде жардыруу болгону жүрөктөрүнүн үшүн алган.

Жараат алган жарандарга медициналык жардам убагында көргөзүлгөнүнө байланыштуу бейтаптар айыгып келе жатышат дейт дарыгер.

Айласы кеткен чек ара тургундары айрыкча акыркы 3жылдан бери коңшу тараптан аткылоо көбөйгөнүн айтып, жогору жактагыларга кайрылды.

Количество просмотров: 1025