• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чек ара чыры: 13 адам каза болду

30 Чын куран 2021 8:54 Бишкек Govori.TV

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуулардан жаракат алгандардын саны 30-апрель, саат 07:50гө карата 134 адамга жетти. Алардын ичинен 13 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркаган 25 адам Баткенден атайын борт менен Бишкектеги травматология жана ортопедия изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жеткирилди.

Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандарынын абалы болсо орто оордукта жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Количество просмотров: 257