• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек ара чыры. Баткенде үч айылга өзгөчө абал киргизилди

29 Чын куран 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы Баткен районунун Ак-Сай айылында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал туруктуу экенин кабарлайт. Белгиленгендей, бирок чыңалуу бар. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Облус башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде ыкчам иштерди жүргүзүүдө. Чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Ал эми Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы — аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чыр-чатак орун алган аймактан эл коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган, алардын үчөөнө таш тийген, бирөөнө ок тийген.

Учурда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 110