• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек ара чыры: Бишкекте жарандык активист митингге чыкты

3 Бугу 2021 16:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкектеги Бириккен улуттар уюмунун кеңсесинин алдына митингге чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Эмомали Рахмон эгемен Кыргызстандын элине кол салды. Аскердик агрессия үчүн Эл аралык сот алдында жооп берүүгө тийиш. БУУнун Баш Катчысы Кыргызстанга келип, окуя болгон аймакты көрсүн. Так позициясын айтып, каңырыгы түтөп турган элге моралдык колдоо көрсөтсүн. Аскердик агрессия жасаган Тажикстандык жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга көмөктөшсүн», — деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 186