• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара чыры. Боронов Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушту

1 Кулжа 2020 13:41 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусундагы «Чечме унаа жолу» өткөрмө пунктунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы чектеш айылдардын жашоочуларынын ортосунда болуп өткөн жаңжал талкууланды. Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде болуп өткөн окуяга байланыштуу өкүнүү билдиришип, жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен акыркы чаралардын топтомун кабыл алуу, эскалацияга жол бербөө жана чектеш аймактарда чыңалууну жоюу тууралуу пикирлерин айтышты.

«Эки мамлекеттин буга чейин жетишилген макулдашууларды жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгы белгиленди. Кубатбек Боронов жана Абдулла Арипов эки жактуу кызматташуу жана башка актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен тергөө чараларын жүргүзүү жана күнөөлүү жактарды жоопко тартуу тууралуу макулдашышты», — деп айтылат маалыматта.

31-майда саат 12:30 чамасында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбек Республикасынын Фергана облусуна караштуу Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Эки тарап Чечме айылындагы булакты биргеликте тазалап жатканда «бул булак бизге таандык» деп сөз талашып, чырдаша кетишкен.

Количество просмотров: 121