• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Чек ара чыры: Жабыркагандардын документтери калыбына келтирилүүдө

6 Бугу 2021 13:06 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалынан жапа чеккен жарандарды документтештирүү иштерин улантышууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар Баткен шаарында, Көк-Таш жана Максат айылдарында иштеп жатышат. Ал үчүн, көчмө калкты тейлөө борборлору жер-жерлерде жайгаштырылды.

Белгилүү болгондой, учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдагы үлгүсүндөгү ID-карта паспортторун даярдоого үчүн 47 арыз, 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, 10 нике күбөлүгүн жана каза болгондугу жөнүндө 7 күбөлүктү калыбына келтирүү боюнча арыздар кабыл алынды.

Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жашаган үч этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз менен кайрылышты.

Мындан тышкары, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү бөлүмдөрү тарабынан Максат айылындагы башаламандык учурунда айдоочулардын жоголгон документтерин калыбына келтирүү иштери жүргүзүүдө. Учурда12 айдоочулук күбөлүктү жана автоунаалардын каттоо күбөлүктөрүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

КР Юстиция министрлигинин Ош жана Баткен аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жабырлануучуларга акысыз юридикалык консультацияларды да көрсөтүп жатышат.

Количество просмотров: 62