• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чек ара чыры: Жабыркагандардын саны 178 кишиге жетти

2 Бугу 2021 11:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын саны 178ге жетти. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, жаңжалдан 34 адам курман болду.

“Бул маалыматтар 2-майга карата. Учурда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Лейлекте иштеп жатат. Ал эми барымтадан бошотулган 10 кыргызстандыктын абалы туруктуу. Алардын баары медициналык көзөмөлдөн өттү. Бешөө ооруканада”, — дейт Солтонбекова.

Количество просмотров: 75