• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чек ара чырынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 36 турак жай салына баштады

10 Бугу 2021 10:41 Бишкек Govori.TV

Баткенде чек арадагы окуяда каза болгон жарандардын үй-бүлөсү үчүн 36 турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталды. Буга чейин мамлекет башчы 28-29-апрель күндөрү чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон 36 адамдын үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырган.

Турак үйлөрдүн пайдубалын тургузуу аземине президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, «Ихлас» курулуш компаниясынын өкүлдөрү, курман болгондордун жакындары катышкан.

Курулуш үчүн шаардык мэрия Чет-Булак кварталынан 2 гектар жер бөлүп берген. Ар бир үй-бүлөгө алты сотых жер берилип, ага төрт бөлмөлүү бардык шарты менен тамдар салынат. Аталган аймакка бала бакча жана сейил бак курулары айтылды.

Количество просмотров: 88