• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара чырынан жабыркагандардын саны 183 адамга жетти

3 Бугу 2021 11:15 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда чек ара чырында 183 адам жабыркады. Бул тууралуу 3-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жаракат алгандардын бирөө оор абалда, үчөөнүн абалы орто оор.

«Бүгүнкү күндө 183 адам жаракат алып, 34 киши каза болду. Жаракат алгандардын 99у бүгүнкү күндө ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен Травматология жана ортопедия борборунда — 35, Улуттук госпиталда — 12, Улуттук хирургия борборунда — 9, Баткен облустук бириккен ооруканасында -11, Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлер практикалык борборунда бир, Самаркандекте — 2, Лейлекте — 13, Кадамжайда-16 бейтап дарыланууда. Калган жабырлануучулар тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң ооруканадан чыгарылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн”, — деди Солтонбекова.

Количество просмотров: 192