• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара чырынан жабыркагандардын саны 42ге жетти

16 Аяк оона 2022 15:45 Бишкек Govori.TV

Ыкчам маалымат боюнча, 16-сентябрь саат 15:00гө карата Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18 жабырлануучу Лейлек ЖДПБда, 5 жабырлануучу Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилди.

Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

«Улуттук госпиталдын нейрохирург, жалпы хирург, кан тамыр хирургу, анестезиолог-реаниматолог, торакалдык хирург, орто медкызматкерлерден турган үч медициналык бригада жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткенге учуп кетти», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 130