• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек ара чырынан жабыркагандарга жардам берүү эсебине 66 миллион сом түштү

10 Бугу 2021 14:53 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга көмөктөшүү максатында ачылган атайын эсепке 66 миллион сомдон ашык каражат чогулду.

Экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чогулган акчанын 59 826 820 сому өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү ачкан атайын эсепке түшкөн. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 1 710 189, Бишкек шаардык мэриясынын атайын эсебине 5 007 580 сом чогулду. Бул каражаттарды ыктыярчы жарандар, уюмдар берип жатат. Мындан тышкары бир катар мекемелер бир күндүк айлыгын которгонун айтышкан.

28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, 180ден ашуун адам жаракат алды. 100дөн ашык турай-жай, имараттар талкаланып, өрттөлдү.

Количество просмотров: 89