Кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак учурунда өрттөлгөн турак үй мамлекет тарабынан курулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-сентябрда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов үйү өрттөлгөн тургунга жаңы тамдын тийиштүү документтерин тапшырган.
Эске салсак, 2020-жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Анда Көк-Таш айылындагы чек арага чектеш жайгашкан тургундун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн. Өкмөт үйдү күз айларына чейин бүтүрүп берүүнү убадалаган.