• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чек ара чырында көзүнө ок жеген жаран операция жасатуу үчүн Түркияга жөнөтүлдү

14 Бугу 2021 10:33 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркагандардын бири 38 жаштагы К.Ч. 14-майда операция кылдыруу үчүн Түркияга учуп кетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучу аэропортко тез жардам унаасы менен жеткирилди.

Жабырлануучу К.Ч. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интренационал айылынын жашоочусу. Ал куралдуу кагылышуу учурунда оң көзүнө ок жеп, 30-апрелден тартып Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жаткан. Андан тышкары, эки буту сынган. Кыргызстанда көзүнө операция жасалган. Түркиялык дарыгердин текшерүүсүнөн кийин ага Түркиядагы клиникалардын шартында кайрадан операция жасоо сунушталган.

“Аталган маселе саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүндө турган, анын тапшырмасы менен министрликтин адистери аталган маселени иштеп чыгышып, бүгүн бейтап дарылануу үчүн Түркия Республикасына учуп кетти. Мекендешибизге батырак сакайып кетишин каалайбыз. Ошондой эле биздин өнөктөштөрдүн салымын өзгөчө белгилеп кетүүбүз керек. Дарыланууга кеткен бардык чыгым Кыргызстан Кызыл Жарымай коому тарабынан каржыланат”, — деди саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова.

Количество просмотров: 134