• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чек ара чырында жабыркагандарга кан керек

30 Чын куран 202112:59 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда каалоочуларды кан борборлоруна кан тапшырса болорун айтты.

Анын айтымында, керектүү дары-дармек жана медициналык багыттагы каражаттар жетиштүү санда бар.

«Антсе да бардык каалоочулар кан борборлоруна барып, жабыр тарткандар үчүн кан тапшырса болот. Күтөбүз», — дейт ал.

Ал эми учурда Бишкекте республикалык Кан борборуна барып кан тапшыргандар кезекке турууда, маалыматтар боюнча 100дөн ашык адам кан тапшырды.

Количество просмотров: 170