• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Чек ара: Кыргызстан Тажикстандын билдирүүсүнө жооп берди

19 Тогуздун айы 2022 22:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарды.

19-октябрда жарыяланган билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылат.

Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын «кыргыз тарап аскердик техникасын Баткенге чогултууда» деп таратып жаткан сүрөттү быйыл 21-22-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылганын белгилейт.

«Жолугушууларда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жетишилген келишимдерди бузуп жатканын моюнга алып, аларды жоюуну убада кылышат, бирок тажрыйба көрсөтүп тургандай – убадаларын аткарышпайт»,- деп билдирди мекеме.

Мекеме белгилегендей, протокол кабыл алынып, чек арада абалды турукташтыруу үчүн аракет көрүлүп жатканына карабастан, тажик тарап кезектеги чек ара чырын тутандырышы ыктымал болгон иштерге барууда.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда жа башкалардын үйүндө жашап жатышат.

Теги:
Количество просмотров: 799